Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Мамэкотехинспекциянын директору Джунушев Джолдошбек Маликович 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен жалпы Кыргызстандыктарды куттуктады. Директор Джунушев өз сөзүндө, Кыргыз Республикасы 28 жылдан бери эгемендүүлүктүн жолунда көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, ошентсе да мамлекетибиз өнүгүүнүн жана өсүүнүн жолунда келе жатат. Мекенибиздин  келечеги жана өнүгүшү үчүн ар бирибиз  аракет кылып,  өз салымыбызды кошуп келе жатабыз. Мындан ары дагы  элибиз тынч жана бакубат турмушта жашоосуна бардык күч-аракетибизди багыттайлы деп кошумчаладыОшондой эле Мамлекетибиздин коопсуздугун алдын алып, жарандардын жаратылышка болгон мамилесин жакшы нукка буруп, коргоого алуу багытында Мамэкотехинспекция өз салымын кошуп келет. Андыктан, Урматтуу мекендештер элибиз тынч жана бакубат турмушта өмүр сүрүп, ар бир Кыргызстандыктын үй-бүлөөсүндө бейкут жашоо жана ар убак жаркын маанай болуп турсун!- деп билдирди Джолдошбек Маликович.
Муну менен бирге Мамэкотехинспекциянын жалпы жамаатын куттуктап Джолдошбек Джунушев Инспекциянын кызматына өз салымын кошуп, мыкты эмгегин көрсөткөн инспекторлорго алкыш айтып, сыйлыктар менен сыйлады!

   Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча региондар аралык башкармалыгынын Жердин пайдаланылышын жана корголушун көзөмөлдөө, контролдоо бөлүмү тарабынан Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айыл Өкмөтүндө пландык текшерүү жүрүүдө. Ал эми Экология бөлүмүнүн иш-пландарынын негизинде Талас жаратылыш улуттук паркы Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан текшерилип, андан тышкары Талас токой чарбасы жана Бакай-Ата токой чарбаларында башкармалыктын инспекторлору тарабынан пландык текшерүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле, Талас шаарынын Мэриясынын буйругунун негизинде, 2019-2020-жылга күз-кыш мезгилине карата, калкты жылуулук менен камсыздоо максатында Талас шаар ичиндеги ишкана-мекемелер, мектеп жана бала-бакчалардын кыш мезгилине даярдыктарын Мамэкотехинспекция башкармалыгынын өнөр-жай жана энергетика көзөмөл бөлүмдөрү тарабынан текшерилип жатат.

Жогорудагы пландык текшерүүлөргө Талас региондор аралык башкармалыгы буйруктун негизинде баардык тармактар боюнча инспекторлор текшерүү жүргүзүүдө.