Нарын облусунун, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендантынын көрсөтмөсү жана Нарын шаары, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Нарын дарыясында мыйзамсыз жана жарыяланган өзгөчө абалдын шартын бузуу менен балык уулап жүргөн жаран аныкталды. Бул факт боюнча акт,протокол түзүлүп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жогорудагыдай иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери өзгөчө абал учурунда байма-бай жүргүзүлүп тураарын маалымдайбыз!
Урматтуу жарандар! Жарыяланланган өзгөчө абалды туура кабылдоо менен карантиндик режим шарттарын туура-так кармаңыздар!
Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондар аралык башкармалыгы тарабынан учурдагы кырдаалга байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө. Бул жардам Бишкек Мэриясы,жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана бир катар курулуш компаниялары менен биргеликте берилүүдө.
Үй-бүлөңүздөр менен үйдө болуңуздар!
Оор илдетти сабырдуулук менен бирге жеңебиз!