Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

 Мамэкотехинспекциянын Нарын региондар аралык башкармалыгынын Жердин пайдаланылышын жана корголушун көзөмөлдөө, контролдоо бөлүмү тарабынан Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык, Сары-булун айыл өкмөттөрүндө пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы менен Каргалык айыл Өкмөтүнө 12 пунктан турган эскертме актысы берилип, 2 протокол түзүлүп, токтом кабыл алынды. Ал эми Сары-булун айыл өкмөтүнө 13 пунктан турган эскертме актысы берилип , 2 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунун акиминин 2-орун басарынын “Саймалуу таш мамлекеттик коругунунан Түндук-түштүк альтернативдүү жолуна кум-шагыл алууда” деген кайрылуусуна ылайык жеринде байкоо иштерин аталган коруктун жетекчисинин катышуусунда жүргузулдү. Жыйынтыгында мыйзам бузуу фактысы аныкталган жок.

Нарын шаары, Ат-Башы,Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүргүзүлүүдө. Нарын шаарына караштуу болгон 8 мектеп, 6 балдар бакчасы толугу менен текшерүүдөн өттү. Негизинен аймак боюнча билим берүү тармагында 180 мекеме, Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча 100 мекемеде  текшерүүлөр жүрүүдө.

         Жалпысынан Нарын жылуулук ишканасында 30 даана отканасы бар. Анын ичинен 5 даана откана көмүр менен, 25 даана отканасы электр энергиясы менен иштетилет. План боюнча 3500 тонна көмүр отуну тартылат, бүгүнкү күндө ишкана боюнча 694 тонна 876 кг көмүр отунунан калдык бар. Нарын жылуулук ишканасына көмүр ташуу боюнча тендер өткөрүлүп, «Булут» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып азыркы күнгө 465 тонна кара алтын келип түшкөн. Учурда пландуу текшерүү уланууда.