2020-жылдын 2-июнунда саат 10-00до  Мамэкотехинспекциянын 2021-2023-жылдарга карата бюджеттик чыгымдардын орточо стратегиясы долбоору боюнча коомдук угуу болот,өткөрүү орду Ахунбаев көчөсү 119 Мамкотехнспекциянын имараты 4-кабат жыйындар залы.

             Бюджеттик ачык айкындуулукту камсыздоо, бюджеттик процесстерге жарандардын катышуусун камсыздоо үчүн шарттарды түзүү, коомдук пикирди изилдөө максатында, Мамэкотехинспекциянын 2021-2023-жылдарга карата бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясы боюнча коомдук угууларды өткөрүү пландалууда.

             Коомдук бюджеттик угуулардын милдеттери болуп калкты жана башка кызыкдар болгон жактарды бюджет жөнүндө маалыматтар  менен тааныштыруу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен бюджет боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды жана рекомендацияларды чогултуу болуп саналат.

             Кызыкдар болгон жактар 541-999 телефон номери боюнча же Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.">burulcha02@mail.ru электрондук почтасы аркылуу каттала алат.

    Материалдар менен Ахунбаев 119 дареги боюнча же http://www.geti.gov.kg/ бюджетные документы сайтында таанышса болот.

Коомдук угууга катыша албай турган жарандар жана коомдук жарандык уюмдар өүлөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын кат түрүндө Мамэкотехинспекцияга же http://www.geti.gov.kg/ почтасына жибере алат.

Ошондой эле, COVID – 19 пандемиясына байланыштуу, Сиздерди бет капчан жана кире бериште орнотулган антисептиктер менен колду милдеттүү түрдө тазалоону өтүнөбүз.