Экологиялык коопсуздук башкармалыгы Мамэкотехинспекциянын түзүмдүк курамында болуу менен айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу, жерди коргоо жана пайдалануу,биоресурстарды коргоо жана химиялык коопсуздук боюнча мамлекетттик көзөмөл жүргүзөт.Башкармалык өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын жарлыктарынын ,Кыргыз Республикасынынын токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасында мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Мамэкотехинспекциянын буйруктарынын,көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзөт.
Башкармалык өзүнүн компетенциясынын чегинде Мамэкотехинспекциянын курамдык түзүмдөрү, бөлүмдөрү, ошондой эле министрликтер, административдик ведомстволор, прокуратура, укук коргоо органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, массалык маалымат каражаттары менен иш алып барат.
-
Экологиялык коопсуздук башкармалыгы жөнүндөгү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынынЭкологиялык коопсуздук башкармалыгы жөнүндөгү
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Башкармалыктын максаты жана милдети
III. Башкармалыктын функциясы жана ыйгарым укуктары
IV. Башкармалыктын укуктары
V. Башкармалыктын уюштуруу иштери
VI. Башкармалыктын курамы (тиркеме 1)
1.Жалпы жоболор.
1. Экологиялык коопсуздук башкармалыгы (мындан ары- Башкармалык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (мындан ары- Мамэкотехинспекция) курамдык бөлүмү болуп саналат, айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жерди пайдалануу жана коргоо, биоресурстарды, химиялык коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт.
2. Башкармалык өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясы, мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Президенттин Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомдору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары менен, андан сырткары эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын мыйзам түрүндө күчүнө кирген Мамкэотехинспекциясынын жобосу, буйруктары, көрсөтмө жана негизги жоболор менен иш алып барат.
3. Башкармалык өз компетенциясынын негизинде мамэкотехинспекциянын курамдык бөлүмдөрү менен, андан тышкары министерстволор,
административдик мекемелер, прокуратуралар, укук коргоо органдары, эл аралык, мамлекеттик эмес уюмдары жана массалык маалымат каражаттары менен биргеликте иш алып барат.
II. Башкармалыктын максаты жана милдети.
4. Башкармалыктын негизги максаты жана маселеси:
- айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багытында мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча иш алып баруу, турукту өнүгүү принциптерине негизделген, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо чөйрөсүндөгү рухий жана материалдык муктаждыкты канааттандыруу жана мамлекеттин экологиялык коопсуздугунун камсыздоо;
- айлана чөйрөнү коргоо, химиялык коопсуздукту жана жаратылыш, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ал эми юридикалык жана жеке жак тарабынан жер жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын;
- инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн программаларды ишке ашыруу, химиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган жана химиялык коопсуздук маселелери менен алектенген уюмдардын ишин координациялоо;
- калктын саламаттыгына жана курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасирин алдын алуу боюнча экологиялык экспертизанын корутундуларына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү. Пландалып жаткан башкаруучулук, чарбалык, инвестициялык жана башка иштин стадияларында, алар боюнча чечим кабыл алууда , ошондой эле жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткарышын курулуш жана аткаруу процесс учурунда баалоо;
III. Башкармалыктын функциялары жана ыйгарым укуктары.
5.Башкармалыктын өз компетенцияларына ылайык, анын максаттары
жана милдеттерине жараша мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт:
а) экология коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде атмосфералык абалын коргоо, жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар коргоо, жер, жер астындагы кенди, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, химиялык коопсуздукту контролдоо;
б) жер тилкесин бузулушунун натыйжасында рекультивациялоонун аткарылышын, башка долбоорлордун жана иш-чаралардын процесстердин жер ресурстарын булгагандыгын алдын алуу жана жоюуу;
в) мамлекеттик коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын, биосфералык аймактардын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү булгаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин акы төлөөсү; г) эл аралык нормаларды жана эрежелерди сактоо, химиялык заттарды жана азыктарды, ташып келүүдө, ташууда, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, пайдаланууда, сактоодо, техникалык регламенттерге ылайык баалоо инспекциясын жүргүзүү;
д) министрликтер, агенттиктер, административдик мекемелер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, чарбакер субъекттер, башка юридикалык жана жеке жактардын аткарышы:
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын, стандарттарын, нормативдерин жана эрежелерин жана бул документтердин аткарылышы үчүн Мамэкотехинспекция кабыл алынган жана иштеп чыккан буйруктарын, нускамаларын жана жоболорун;
-жаратылышты пайдалануудагы таштандылардын, зыяндуу заттардын чыгындыларынын ченемдерин, калдыктардын айлана-чойродогу жайгаштырылуусун чектөө;
е) айлана чойрону коргоо жана жаратылыш ресурстарын, жерди сарамжалдуу пайдалануудагы, химиялык коопсуздук талаптарын аткаруу:
-пайдалуу кендерди казып алууда, жардыруу иштерин жүргүзүүдө, калдыктарды, таштандыларды, террикондорду, зыяндуу заттарды сактоочу жайларды,иштетуудо жана жайгаштырууда ошондой эле жаратылышка таасир берүүго байланышкан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө, мал айдоодочу жолдорду жана башка иштерди жүргүзүүдө;
-экономика тармагында пайдаланууга уруксат берилген өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттарды өстүрүү стимуляторлорду, минералдык жер семирткичтерди, башка химиялык заттарды ташууда,колдонууда, жана сактоодо.
-суу чарба системалары, суу сактагычтарды жана башка гидротехникалык курулмаларды, жаратылышты коргоо курулмаларынын пайдалануу эрежелерин:
-жаратылыш чөйрөсүнөн жаныбарлар жана өсүмдүктөр объектилерин алууда:
ж) жеке жана юридикалык жактардын иш- чараларды аткаруусу:
-курчап турган жаратылыш чөйрөсүндөгү зыяндуу заттардын агындысын чыгындысын тазалооө үчүн жабдууларды жана аппараттарды курууда жана ишке киргизүүдө, булгоочу булактарды текшерүү жана жөнго салуу шаймандары менен жабдуу ;
- суунун зыяндуу таасири менен күрөшүү (селден, сел каптоодон, жээктердин бузулуусунан, жана башка суу эрозиялык процесстеринен);
жер бөлгөндө, аларды өзүнүн багыты боюнча колдонгондо, жаратылышты коргоо эрежелерин сактоо, жер кыртышын бузулушунан,саздашып кетүүсүнөн, өндүрүштүн калдыктары менен, уу химикаттары, жана башка химиялык заттар менен булгануусунан сактоо, курулушта, пайдалуу кендерди иштетуудо, изилдөө жана башка иштерди жүргүзүүдө жерди коргоо.
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн баалуу объектилерин калыбына келтируу, кайра ондуруу
з) алып баруу:
- мамлекеттик мониторингин, жер, суу, токой кадастрларын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр объектилеринин кадастрын;
- бардык чарбалык субъектилерде жаратылыш ресурстанын колдонууда өнөр жай, жана тиричилик калдыктарынын (химиялыктарды кошуп) булгоочу заттарынын чыгындыларын, агындыларын алгачкы эсепке алуу;
-токой чарбасын, аӊчылык чарбасын, спорттук аӊчылыкты, аӊ-терилерди, жана башка аӊчылык азыктарын, жаныбарларга аӊчылыкты, илимий-маданият жана чарбалык багытта атууда, улоодо балык улоо жана аӊчылык эрежелерин сактоо;
-ит аӊчылылыгында, куш салууда салттуу ыкмаларды;
- балык чарбасында атайын жана жалпы дайындоо;
и) сарамжалдуу пайдалануу:
-суу ресурстарын (жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды)
-жер ресурстарын жана жер казынасын чарбалык иш аракеттерди жүргүзүүдө, жаратылыш объектилеринин өзгөрүүсүнө жана ландщафттын калыптануусуна алып келген иш аракеттерди жүргүзүүдө;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин.
к) жаратылышты коргоо курулмаларын жана түзүлүштөрүнүн абалы жана ишинин майнаптуулугу;
л) өндүрүш жана керектоо (анын ичинде радиоактивдуу) калдыктарын сактоо жана жайгаштыруу;
м) суу коргоо зонасынын жана тилкесинин шарттамын көзөмөлдөө, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан, туздалышынан , саркынды суулардын айлана чөйрөдө агуусунун эрежелерин сактоо;
-Мамэкотехинспекциянын ички курамдык бөлүмдөрүндө мамлекеттик инспекторлор тарабынан кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамсыз иштерин токтотууну, мекеме ичинде текшерууну ишке ашырат;
-Мамэкотехинспекциянын ички курамдык текшеруу системасы түзөт:
- айлана чойрону коргоо, химиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын, жерди, биоресурстарды жеринде сарамжалдуу колдонууда мамлекеттик текшерүүнү уюштуруу;
- айлана чойрону коргоо, химиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын, жерди, биоресурстарды сарамжалдуу пайдалануудагы мамлекеттик текшерүү бөлүгүндө мамэкотехинспкциянын коллегиянын, эрежелердин, жоболордун буйруктардын, көрсүтмөлөрдүн,тапшырмалардын чечиминин аткарылышы;
-мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин так аткарууда;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча мамлекеттик инспекторлор тарабынан жаратылышты коргоо мыйзам ченемдеринин, негиздеринин бузууларын аныктаган чечимдеринин негизинде бузуучулардын административдик жоопкерчилике тартылуусу: Алгачкы документтердин (протоколдордун,актылардын, токтомдордун, доо арыздардын) туура жана өз убагында түзүү;
-катуу отчет көзөмөлүндөгү документтердин кыймылы жана берилүүсүнүн көзөмөлү, эсептин абалы;
- атайын каражаттардын,техникалык байланыш жана байкоо каражаттарынын,ок-дарылардын, жардыруучу каражаттардын, кызматтык куралдардын колдонуусунун жана сакталышынын көрсөтүлгөн тартипте сакталышынын көзөмөлү;
-мыйзам бузуучулардан алынган жаныбарлар жана өсүмдүктөр азыктарын,унаа жана сузуу каражаттарынын, жаныбарларды кармоо куралдары жана каражаттарын, сактоо жана кыймылынын туура эсеби жана тартиби.
6. Башкаруу:
а) жаратылышты пайдаланунун нормативдерин жана лимиттерин көзөмөлдөйт; калдыктардын түзүлүшүнүн лимити, заттардын жол берилүүчү чек саны зыяндуу заттардын айлана чойрого атмосферага чыккан зыяндуу заттардын жол берилүүчү чек саны;
б) төмөнкү уруксат кагаздарын жокко чыгарылуусун сунуштайт:
жаратылышты коргоо мыйзам ченемдеринин бузулушун аныктаганда , бекитилген ПДВ, ПДС проектилердин негизинде берилген калдыктардын айлана-чөйрөдө жайгаштырылышына, чыгынды, агындыларга берилген уруксат кагаздарын;
в) чарбалык иш- аракеттерди жүргүзүү үчүн, жерди бөлүүдө, объектилердин жайгашуу ордун тандоодо, жаны (чонойтулуп жаткан, оӊдолуп жаткан, бузулуп жаткан)объктилердин иштетүүдө, киргизүүдө, кабыл алууда, мамлекеттик жана жумушчу коммисиянын ишине катышат;
д) айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу суроолору боюнча материалдарды министерстволордон, адиминстративдик мекемелерден, уюмдардан, ишканалардан белгиленген тартипте алат;
е) Аӊчылык көзөмөлдү, Кыргыз Республикасында жайгашкан аӊчылык аймактарда аӊчы пайдалануучулардын карамагында болгондугуна карабастан жүргүзөт.
ж) Кыргыз республикасынын айлана чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча мамлекет аралык макулдашуусун, келишимдерди, конвенциялардын милдеттемелерин аткаруун максатында, чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен төмөндөгүчө кызматташат:
- аларды иштеп чыгууда:
- эл аралык келишимдердин талабын аткаруу үчүн мекеме аралык биримдикте аракеттенишет:
- алардын талаптарын жана иш аракеттерин аткарууда техникалык жана каражат жардамдарын алуу боюнча иш алып барат;
з) юридикалык жана жеке жактардын жаратылыш чөйрөсүнө келтирген зыяндын (аба,суу, жер ресурстары, биоресурстар) негизинде доолордун суммасын өз убагында төлөөнү, конфискация болгон шаймандарды сатуу, кармап алган браконьерлик объектилерин тиешелүү жактарга өткөрүп берет;
к) аткарылган иштерди жакшыртуу боюнча сунуш киргизүү максатында, Мамэкотехинспекциянын түзүмдүк бөлумдөрүнүн иш чарасын анализдейт жана жалпылайт:
л) Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуучулар менен күрөшүү максатында Мамэкотехинспекция УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура жана мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте иш алып барат.
м) Башкармалыктын иш аракетинен келип чыккан жана көзөмөлдөө иштеринин текшерүүсүнүн жыйынтыгын кароо үчүн Мамэкотехинспекциянын коллегиясында кароого көрсөтөт;
н) Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулар боюнча түзүлгөн доолор боюнча арбитраждык материалдарды жалпылайт; о) Мамэкотехинспекциянын компетенциясына кирген арыз, кайрылууларды карайт;
п) Мамэкотехинспекциянын курамдык бөлумдөрүнө айлана-чөйрөнү коргоо,химиялык коопсуздук, биоресурстарды жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча көзөмөл жүргүзүүдө методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
р) Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат;
7. Башкармалык башка айлана-чөйрөнү коргоо, химиялык коопсуздук, биоресурстарды жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (КЧКТЧМА, ИИМ, ССМ, АЧМ ж.б) ишин координациялайт;
8. Кесиптик тапшырмаларга ылайык жана оперативдик кырдаалга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын директору Башкармалыка кошумча функция жүктөйт.
IV. Башкармалыктын укуктары.
9. Башкармалык укуктуу:
- Мамэкотехинспекциянын курамдык бөлумдөрүнүн башчыларына Кыргыз республикасынын жаратылышты коргоо жана жер ресурстарын коргоо мыйзамдарын, Мамэкотехинспекциянын укуктук-нормативдик актыларын одоно бузуу жана алдыга коюлган тапшырманы сапаттуу жана так аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык чара көрүү боюнча сунуш киргизет;
- Мамэкотехинспекциянын курамдык бөлумдөрүнүн кызматкерлеринен жаратылышты коргоо жана укуктук-нормативдик актыларын, кызматтык милдеттерин бузуусу боюнча түшүнүк кат, аныктамаларды алат;
- Сот органдарында доогер катары катышат;
- Мамэкотехинспекциянын курамдык бөлумдөрүнө, текшерүү учурунда кетирилген каталарды оӊдоо боюнча көрсөтмө берет;
- УКМК,ИИМ, МБК жана башка мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн мыйзамсыз кармалган объектилерин, алардын бөлүктүрүн (мүйүз, тери, дарылык-техникалык заттар) минералдык зат, мумие жана кайра иштетилген азыктар, жана башка жаратылыш материалдарын, сактоо, кайра иштетүү, сатуу үчүн кабыл алат;
- Мамэкотехинспекциянын курамдык бөлумдөрүнүн инспекторлорунун жана кызматкерлеринин чечимди туура кабыл алуусун, түшкөн арыз, даттанууларды кароо жана алар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт;
- Көзөмөл-инспекциялык иш аракеттерди уюштуруу боюнча нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыгат жана Мамэкотехинспекциянын бекитүүсүнө берет;
- Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык жана ишкердик субъекттерди, алардын мекемелик ээлиги жана менчиктик формасына көз карандысыз текшерет.
- өзгөчө кырдаал учурда, адам өмүрүнүн жана ден соолугун камсыздоого байланыштуу, жазма буйрук албастан, адам өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды аныктоо жана чара көрүү максатында жана суткалык убагына карабастан, кечиктирилгис текшерүү жүргүзөт.
- кызматтык милдеттерди аткарууда инспекция кылган ишканалардан, мекемелерден уюмдардан жеке менчик формасына көз карандысыз алардын кызматкерлерин телефондук байланыш, транспорт жана керек учурда атайын кийим менен жабдууну талап кылат жана керектүү жардам көрсөтөт;
- Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык, айлана-чөйрөнү коргоо, жер, химиялык коопсуздук, жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу учурундагы административдик укук бузуу материалдарын карайт;
- текшерүүнүн жыйынтыгы менен: текшерүү актысын, укук бузуу боюнча протоколун, ишиш токтотуу боюнча токтом чыгарат, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берет;
- инструменталдык ченөө жүргүзөт, үлгү алат (суу, аба, топурак, ж.б)
- экологиялык экспертизаны жүргүзүүнү дайындайт;
- текшерүү барагындагы суроолордун тизмегинин аткарылышын талап кылат;
- күнөөлүү жактарга административдик чара колдонуу, айып салуу, керек учурда күнөөлүү жакты жоопкерчиликке тартуу үчүн, укук коргоо жана сот органдарына кароого берет;
- айлана-чөйрөнү коргоо, жер, химиялык коопсуздук, жана жаратылыш ресурстарын короо боюнча мыйзамдарынын бузуу учурундагы келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча юридикалык жана жеке жактарга доо коет;
- өндүрүлгөн суммаларды мамлекеттин казынасына түшүрөт;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушу менен жүргүзүлгөн курулуш, реконструкция, кеӊейтүү жана техникалык кайрадан жабдуу иштерине тыюуу салуу жана мындай иштерге каражат бөлүүнү токтотуу боюнча көрсөтүм даярдайт;
- белгиленген нормативден ашып кеткен аба чыгындылар менен иштеген транспорттук жана кыймылдоочу орнотмону жана объектинин линияга чыгуусун жана иштетүүсүн токтотот же тыйуу салат;
- экологиялык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген, адамдардын ден –соолугуна зыян келтирген жана жаратылыш чөйрөсүнүн бузулушуна алып келген
экологиялык коркунучтуу жүктөр, химиялык заттар ж.б Кыргыз республикасына ташып кирүүгө тыюуу салат;
- Кыргыз республикасына жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сырттан ташып кирүү жана чыгаруу, кое берүү, жайланышуу жана ыӊгайлашуусу, адамдардын ден-соолугуна жана республиканын ичиндеги жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирбөөсү үчүн сырттан ташып кирүүгө тыюуу салат;
-текшерүү жүргүзүү, кароо, кармап алуу жана документтерин, мыйзам бузууга колдонгон шаймандарын, унаасын ж.б тартып алат;
- менчиктик формасына көз карандысыз мамлекеттик органдарга, юридикалык жана жеке жактарга, потенциалдык химиялык коркунучтуу заттарды колдонууну токтотуу боюнча эскертме берүү жана калкка химиялык коркунуч туудурган объектилер жөнүндө айтып жеткирет;
- мыйзамсыз аӊчылыктын негизинде жок кылынган жапайы жаныбарлар, канаттуулар, балыктар, токойлор жана башка жапайы өсүмдүктөр, мумиелорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча эсептелип чыккан нормативдерди макулдашат;
- министрликтерден, административдик мекемелерден, мамкомитеттерден айлана чөйрөнүн абалы, жер, химиялык коопсуздук боюнча тиешелүү маалыматтарды кайтарымсыз алат;
- чарбалык жана ишкердик субъектилерден авариялык жана өзгөчө кырдаал, абага ченемсиз чыгынды (залповый) жана агынды суулар тууралуу маалымат алат;
- министрликтерден, административдик мекемелерден, мамкомитеттерден, ишкердик субъектилерден өздөрүнүн аймагында булгоочу заттардын чыгынды, агындыларын көзөмөлдөө боюнча постторду түзөт;
- эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз республикасын кызыкчылыгын көздөйт;
- Мамэкотехинспекциянын башчылыгына кызматкерлерди сыйлоо боюнча өтүнүч (ходатайство) менен кайрылат;
10. Башкармалык өзүнө коюлган тапшырмага ылайык милдеттүү:
- Кыргыз республикасын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзөт;
- экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз республикасын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын дайыма аткарууну көзөмөлдөө, экологиялык укук бузууларды алдын алуу; мыйзам бузуучуларга тиешелүү чараларды көрөт;
V. Башкармалыктын уюштуруу иштери.
11. Башкармалыктын башчысын Мамэкотехинспекциянын директору кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
12. Бөлүм башчы кызматка Мамэкотехинспекциянын директору тарабынан жана башчынын көрсөтмөсү менен дайындалып, бошотулат.
13. Башкармалыктын башчысы башкармалыка ыйгарылган тапшырмага ылайык:
- башкармалыка ыйгарылган тапшырмаларды, функцияларды, адистер менен орун басарлардын арасында бөлүштүрүү боюнча жеке жоопкерчилик тартат;
-Мамэкотехинспекциянын директоруна Башкармалыктын ишмердиги тууралуу доклад берет;
- Мамэкотехинспекциянын директоруна Башкармалыктын кызматкерлерин сыйлоо боюнча сунуш киргизет;
- Башкармалыктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;
14. Башкармалыктын Жобосун, түзүмүн, штаттык расписаниесин.
Мамэкотехинспекциянын директорунун Буйругу менен бекитилет:
15.-Башкармалыктын иши Мамэкотехинспекциянын директору бекиткен план
менен жүргүзүлөт;
16.- Башкармалыкка кызматка кабыл алуу жана бошотуу
Мамэкотехинспекциянын директору тарабынан жүргүзүлөт.
17.- Башкармалыктын кызматкерлеринин эмгек акысынын формасы жана
өлчөмү мыйзамга ылайык түзүлөт.
VI. Башкармалыктын курамы.