Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдош Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОго ылайык:
Кыргыз Республикасынын аймагында курууга уруксат алуу талап кылынган куруу, реконструкциялоо, кайрадан профилдөө жана кайрадан пландаштыруу объекттери, көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдери өзгөртүлчү кыймылсыз мүлктүн объекттери милдеттүү түрдө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынат.
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, жер титирөөгө туруктуулугун жана пайдалануудагы бекемдигин камсыз кылуу максатында, курулуш процессинде аткарылчу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүн тобокелдик факторлору көп, жогорку, орто объекттерди көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле курулушу республикалык же жергиликтүү бюджет каражаттарынын эсебинен ишке ашырыла турган объекттерди архитектура-курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык подразделениелери ишке ашырат.
Тобокелдиктин фактору төмөн объекттерге көзөмөл мыйзамда белгиленген тартипте сертификатталган же акрредиттелген ыйгарым укуктуу жактар тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди курууга мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- курулуштун бүткөн этаптарын, курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алууну;
- шаар куруу-архитектура ишинин тармагындагы мыйзамдык актылардын нормаларынын сакталышына жана курулуштук материалдардын, конструкциялардын жана буюмдардын өндүрүлүшүнө мамлекеттик көзөмөлдү;
- курулушту инспекциялачу мамлекеттик кызматтардын иштерин уюштурууну жана координациялоону;
- капиталдык курулуучу, реконструкциялануучу, көлөмдүк-пландык, конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен профили өзгөртүлүүчү объекттердин, ошондой эле планировкасы өзгөртүлүүчү имараттардын реестрин жүргүзүүнү;
- мамлекеттик инспекциялачу кызматтардын отчетторун алуу жана талдоо;
- уюмдарда шаар куруу-архитектуралык ишти жүргүзүү укугуна мамлекеттик лицензиялардын жана жооптуу адамдарда квалификациялык сертификаттардын бар экенин текшерүүнү;
- техникалык регламенттердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү, ал эми алар иштелип чыкканга чейин - объекттерди куруудагы курулуштук нормалардын жана эрежелердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү, ошондой эле курулуш өнөр жайынын ишканаларында алардын ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан курулуш материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды жасоодо шайкештикти баалоону;
- курулуп жана реконструкцияланып жаткан объекттерде болгон авариялардын, кулоолордун себептерин изилдөө боюнча уюштуруучу-техникалык иш-чараларды жүргүзүүнү жана себептерди изилдөө боюнча комиссиялардын ишин уюштурууну, корутунду даярдоону жана тийиштүү чараларды көрүүнү;
- шаар куруучу субъекттин кайрылуусу боюнча аткарылган жумуштардын сапатын баалоо жана шаар куруучу субъекттердин (аткаруучулардын) ортосундагы өз ара эсептешүүлөр үчүн продукциянын көлөмүн жана наркын аныктоо менен эксперттик корутунду даярдоону.

Жашоо-турмушка опурталдуулук маанисин эске алуу менен курулуштун бардык объекттери тобокел факторлору боюнча төрт категорияга бөлүнүшөт: тобокел фактору абдан жогору, жогору, орто жана төмөн.

Курулуш объекттеринин категорияларынын классификациясы:
а) I категория - тобокел фактору абдан жогору объекттер (уникалдуу жана өзгөчө татаал объекттер);
б) II категория - тобокел фактору жогору объекттер;
в) III категория - тобокел фактору орто объекттер;
г) IV категория - тобокел фактору төмөн объекттер.

I категориядагы объекттердин мүнөздөмөсү:
- ТЭС, ТЭЦ, ГЭС комплекстери;
- бийиктиги 100 м жогору курулмалар (түтүн чыгуучу түтүктөр, мунаралар);
- узундугу 60 м ашык курулмалар (көпүрөлөр, тоннелдер, жер алдындагы жана жер үстүндөгү өткөөлдөр);
- 18 кабаттан ашык турак жай имараттар;
- туташтырган өткөөлдөрү 48 м ашык имараттар жана курулуштар;
- бийиктиги 60 м жогору имараттар жана курулмалар;
- адистештирилген имараттар (музейлер, архивдер, улуттук маданий байлыктарды сактоочу жайлар);
- күйүү жана жарылуу опурталы бар продуктулар үчүн сыйымдуулугу 5000 куб.м ашык курулуштар;
- өндүрүү, сактоо, жана утилге чыгаруу үчүн атайын шарттарды талап кылуучу өнөр жайлык объекттер, ошондой эле калдык сактагычтар;
- линиялык курулмалар, өткөрүүчү объекттер (110дон 500 кВт чейинки электр 2 өткөргүч жогорку вольттуу линиялар, диаметри 400 мм же андан чоң же 1,5 Мпа же андан жогору басымдуу магистралдык өткөргүч түтүктөр), шаардын жогорку жана орто басымдагы суу түтүктөрү, газ түтүктөрү;
- коомдук пайдалануудагы адистештирилген имараттар (автостанциялар, аэропорттор, темир жол вокзалдары).

II категориядагы объекттердин мүнөздөмөсү:
- жалпы көлөмү 1000 куб м. жана ашык болгон суюк зат сактоочу объекттери (сактагыч/терминал);
- бийиктиги 5 жана андан көп кабаттуу турак жай имараттар;
- туташтыргыч өткөөлү 24 м ашык, бийиктиги 15 м жогору имараттар жана курулмалар;
- ири панелдүү жана монолит имараттар жана курулмалар;
- жүк көтөрүмдүүлүгү 32 т ашык крандары бар өндүрүштүк имараттар;
- темир жолдор;
- 1, 2, 3-категориялардагы автомобиль жолдору жана тоолуу жердеги 4, 5-категориялардагы автомобиль жолдору, ошондой эле магистралдык көчөлөр;
- узундугу 18 метрден 60 метрге чейинки көпүрөлөр, кабат жолдор, эстакадалар;
- социалдык арналыштагы объекттер (мектептер, билим берүү мекемелери, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелери);
- 250 орундан ашык мейманкана, курорттук-рекреациялык арналыштагы объекттер (санаторийлер, пансионаттар, туристтик базалар);
- 100 орундан ашык маданий-тиричиликтик тейлөө ишканалары (кинотеатрлар, театрлар, клубдар);
- 1000 кв.м ашык жабык спорттук курулмалар жана аянттар;
- ири коргоо курулмалары (селге каршы, жер көчкүгө каршы, кар көчкүгө каршы);
- жер титирөө ыктымалы 9 баллдан жогору участоктордо, татаал инженердик-геологиялык шарттарда жумуштарды аткаруу (II типтеги жерге чөгүү, суунун көптүгү, борпоң кыртыш, жер көчкүлөр);
- реконструкцияланчу объекттер (кеңейтүү, кайрадан жабдуу).

III категориясындагы объекттер:
- I, II жана VI категорияларга кирбеген объекттер;
- жеке менчик турак үйлөр.

IV категориядагы объекттерге мүнөздөмө:
- бузуу адамдардын жашоо-турмушуна коркунуч келтирбечү имараттар жана курулуштар: аянты 1350 кв.м ашпаган кампалар, бир кабаттуу өндүрүштүк жайлар жана айыл чарба объекттери, курама темир-бетон убактылуу имараттар жана конструкциялар, квартал ичиндеги жолдор, аймакты абаттоо боюнча жумуштар;
- көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен кайра профилдөө жана кайра пландаштыруу объекттери;
Эгерде курулуштун кандайдыр бир объектисинде бир нече категориядагы мүнөздөмөлөр болсо, анда ал жогорураак категория боюнча классификацияланат.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл текшерүүнүн: пландуу, пландан тышкары, контролдук жана кайрадан текшерүү түрлөрүнүн формасында ишке ашырылат.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл объектти куруунун бардык этаптары боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө ЖОБОго ылайык:
Курулуш аяктагандан кийин объект мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы тарабынан пайдаланууга кабыл алынышы керек.
Курулуш аяктагандан кийин объектти пайдаланууга кабыл алуу үчүн арыз берүүчү объекттин курулушу аяктагандан кийин 10 күндүн ичинде мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органына арыз жиберет.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) курулушту аяктоо жана бардык этаптарды кабыл алуу жөнүндө ырастоочу актылар (автордук, техникалык көзөмөлдүн журналдары жана жумушту өндүрүү журналы);
б) аткаруучу-техникалык документтер (аткаруучу съемкалар, көмүскө жумуштардын актылары);
в) объектти тышкы тармактарга кошуу жөнүндө ырастоолор же бул объектти абонент тарабынан кабыл алуу жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар берген ырастоолор;
г) тиешелүү уюмдар тарабынан берилген лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары;
д) монтаждалган инженердик-технологиялык жабдууну сыноо актылары.

Арыз берүүчү объекттерди пайдаланууга кабыл алуу үчүн берилген документтердеги маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө анын арызында тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.

Объектти пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө чечим мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органы тарабынан арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 жумушчу күндөн ичинде кабыл алынышы керек жана объектти белгиленген формада пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө акт түрүндө таризделет.

Актка арыз берүүчү, долбоордун автору, башкы подрядчы жана мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет жана ал мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүнүн аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.